Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Базар-Коргондо райкеңештин экс-төрагасы жаңы төраганы тааныбайт


Райкеңештин мурдакы төрагасы Арапбай Жолдошбаев 25-февралда болгон сессияны мыйзамсыз эсептеп, аны жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылмакчы. Анын белгилешинче сессия өткөрүүгө зарыл 20 депутаттын ордуна 19 депутат катышкан. Ал өткөн айда өзү жогунда кулпусун бузуп, иш бөлмөсүнө кирген депутаттарды, башка төрага шайлаган райкеңеш сессиясын да сотко берди. Мындай окуяларды ал Базар- Коргон райакимине ишеним көрсөтпөө тууралуу өзү баштаган депутаттардын президентке кайрылуусу менен байланыштырды. Райкеңештин депутаты Азимжан Аскаров 21 депутат катышкан кечээки сессияны мыйзамсыз дешке жүйөө жоктугун, сессия райондук бюджетти бекитип, райакимдин иши канааттандыраарлык баа алганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG