Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

«Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды


Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик «Хизб-ут Тахрир» уюмуна катыштыгы бар беш адам кармалды. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 25-февралда Ысык-Көл облусунун Түп районунда кармалган адамдардан бир нече диск жана башка үгүттөө материалдары табылган. Ушул эле күнү Ош шаарынан аталган уюмдун бир активисти бир нече экстремисттик маанайдагы материалдары менен кармалган. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG