Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:50

А.Жекшенкуловдун соту соңуна чыгып калды


Биринчи май райондук сотунда 26-февралда өткөн соттук процессте тараптар жыйынтыктоочу сөздөрүн айта башташкан болчу. Мамлекеттик айыптоочу соттон мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну суранууда. Ошондой эле кылмыш белгилери жоктугунан улам прокурор экс-министрди түрк ишкеринин өлүмү боюнча айыптоодон баш тартууда. Бирок ага сыйлыкка алган тапанчасын мыйзамсыз түрдө башка бирөөгө берген деген айып коюлууда. Андан тышкары айыптоочулар экс-министрди кызматта турган учурунда ээлеген ордунан кыянат пайдалаган деп эсептешээрин айтышууда.

Ошондой эле прокурорлор түрк ишкери Сервет Четиндин өлүмү боюнча башкы айыпталуучу Ильяс Абдыкадыровду 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты.

Эртең биринчи мартта болчу сот процессинде тараптардын жыйынтыктоочу сөздөрүн угуу уланмакчы. Андан кийин сот ар бир айыпталуучунун соңку сөзүн угуп, бул иш боюнча чечим чыгаруусу керек болот. (IJz)

XS
SM
MD
LG