Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Чилидеги зилзаладан 2 миллиондой киши жапа чекти


Чилидеги жер титирөөдөн, расмий маалыматка ылайык, 2 миллионго жакын адам жабыркады. Ишембинин таңында болгон кырсыктан азырынча 300дөн ашуун адамдын мерт кеткени тастыкталды. Имараттар, көпүрөлөр кыйрап, өлкөнүн транспорт системасы өзгөчө жабыркады. Борбор шаар Сантьягодо эл аралык аэропортту жабууга туура келди. Силкинүүнүн күчү 8,8 баллга жеткен. Жер титирөө цунамиге алып келип, Тынч океанын бойлгон бир катар өлкөлөрдө эл жээктен алысыраак убактылуу көчүрүлдү. Бирок цунами, тилекке жараша, олуттуу зыян алып келген жок. АКШ жана Европа биримдиги жардам сунуш кылышты. Бирок президенттин айтымында, азырынча өкмөт кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ички ресурастар жетиштүү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG