Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Курулутайга квота менен барчулар такталууда


Ынтымак курултайына президенттин квотасы боюнча тандалган делегаттардын тизмеси 3-мартка чейин аныкталат. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен кабарлашты. Делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча уюштуруу комитети саясий партиялардан, анын ичинде оппозициялык партиялардан, коомдук бирикмелерден, жарандык коомдордон талапкерлерди сунуштоону сурап 17-февралда кошумча кайрылган. Бул курултайга катышпай тургандыгын буга чейин БЭК жана ага кирген партиялар, “Ак шумкар” партиясы жарыялады. Жобо боюнча 23-мартка белгиленген Ынтымак курултайына чакырылган 750 делегаттын 150сү президенттин квотасы менен сунушталышы керек. (BuS)

XS
SM
MD
LG