Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

110 мамлекеттик кызматчы мүлкү боюнча декларация тапшырган жок


Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын мүдүрү Манас Акималиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 1-мартка чейин мамлекеттик кызматкерлердин 92,7 пайызы кирешеси жана мүлкү тууралуу декларация толтуруп беришкен. Маалыматтарга караганда Баткендин губернатору А.Тагаев, Жалал-Абад облусунун губернатору Кошбай Масиров, Оштун губернатору Мамасадык Бакиров, Таластын губернатору Б.Болотбеков, бир катар акимдер, Жогорку Кеңештин төрт депутаты кирешеси жана мүлкү боюнча декларация тапшырбагандардын тизмесинен орун алган. Декларация тапшырбагандардын көпчүлүгүн сот органдарынын өкүлдөрү түзгөн. 2010-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик кызматтарды ээлеген 1 миң 501 кызматкердин 1391и кирешелери жана мүлкү боюнча декларация тапшырган. (AJ)

XS
SM
MD
LG