Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Террорчуга байланыштуу маалыматтар чаташты


КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын элчисин 1-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлиги чакырганы тууралуу маалыматты жокко чыгарды. КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Мая Сабирдинанын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Кыргызстандын Ирандагы элчиси М. Шеримкулов кыргызстандык учактын Ирандын Бандар-е-Аббас шаарында мажбурлап кондурулганына байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги менен бир ирет гана, 23-февралда жолугушкан. “Ирандык жана башка маалымат каражаттарында “1-мартта КР элчиси М. Шеримкуловду Ирандын тышкы иштер министрлиги чакырып, Кыргызстандагы АКШнын аба базасы тууралуу, террорчу деп шектелгендердин кыргызстандык учакта кармалганын далилдеп берүүгө даяр экенин билдирди” деп жазылгандар чындыкка жатпайт. 23-февралдан бери кыргыз-иран тараптарынын ортосунда бир да расмий жолугушуу, байланыш болгон эмес,” деп билдирди М. Сабирдина.

Кечээ Ирандын Пресс.ТВ маалымат агенттигине таянган айрым басма сөз каражаттары 1-мартта Ирандын Тышкы иштер министрлиги КР элчиси М. Шеримкуловду чакырып, террорчу деп шектелген адамдардын кыргызстандык учакта кармалганын далилдеп берүүгө даяр экенин, ошондой эле Кыргызстандын аймагында Ирандын коопсуздугуна шек келтирген аба базасы жайгашуусун туура көрбөй турганын билдиргенин жазып чыгышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG