Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Грецияда финансылык кризистен чыгууга багытталган чаралар шардана кылынды


Греция өкмөтү пенсиялар мурдагы деңгээлде калаарын, мамлекеттик кызматкерлердин премиялары кыскартылаарын жана бензин, тамеки жана алкоголь ичимдиктерине салык көтөрүлөөрүн жарыялады. Өлкөнүн бюджет тартыштыгы 12,7 процентти түзөт. Бул - орток валютаны колдонгон өлкөлөрдө каралган чектен дээрлик 4 эсе ашат. Грециянын карызы болсо 300 миллиард евро же дээрлик 420 миллиард долларды түзөт. Премьер-министр Георге Папандреу өлкө финансылык кризистен чыгуу аракеттеринде "европалыктардан тилектештик күтөөрүн" айтты. Европа Биримдиги болсо Греция кризисти жөнгө салууда өзүнө таянууга тийиш деп, ошол эле маалда евронун стабилдүүлүгүнө көз салаарын билдирди. Грециядагы кризис еврону кыйла алсыратты.

XS
SM
MD
LG