Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:26

Алайда жер көчтү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча Коңур-Дөбө айыл округундагы Арпа-Тектир деген айылга жакын жерде кечээ жар көчүп түшкөн. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок, ошентсе да кооптуу аймакка жакын жашаган 10 үй-бүлө коркунучсуз жерге көчүрүлүп, жылуулатылган чатырларга жайгаштырылды. Жар көчүп аткан жер өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүнө алынды. Акыркы күндөрү тынбай жамгыр аралаш кар жааганына байланыштуу көчүп түшкөн жардын көлөмү 2 миң метр куб, узуну 100 метр, туурасы 80 метр, калыңдыгы 3 метрди түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG