Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Кочкордогу жер титирөөдө 379 үй жабыркады


Мындан тышкары 6 мектеп, 3 ФАП, 4 клуб, 2 китепкана, 1 почта жана 1 мончонун дубалына жарака кеткен. Бул маалыматты 1-вице-премьер-министр А. Жапаров кырсык болгон аймакты кыдырып келгенден кийин өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялаган.
2-мартта таңында Нарын, Ысык-Көл аймагында жер титирөө болуп, анын очогу Кочкор районунун Оро-Башы айылынын түштүк чыгышынан 10 чакырым алыстыкта катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 6,3 баллды түзгөндүгү айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG