Жекшембиде өтүүчү парламенттик шайлоону утурлай күн мурунтан добуш берүү бүгүн башталды. Анын учурунда жекшемби күнү шайлоо бекеттерине бара албагандар өз тандоосун жасоосуна мүмкүнчүлүк берилет. БУУнун Ирактагы миссиясынын эсебинде, бүгүн 600-700 миң адам добуш берери күтүлүүдө. Алардын көпчүлүгү - шайлоо күнү коопсуздукту камсыз кылуучулар.