Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:31

Бирдиктүү салык декларациясын берүүгө даярдык көрүү мыйзамына кол коюлду


Бүгүн президент Курманбек Бакиев “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам 2010-жылдын 21-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

“Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын жеке тараптарына жана мамлекеттик кызматчыларына аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана милдеттүү башка төлөмдөрдү төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрын кошо алганда алган кирешелерине жана мүлкүнө карата салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча билдирилбеген милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул мыйзамдын максаты болуп эсептелет. Буга ушул мыйзамда белгиленген декларациялоо чегинен ашкан кирешелердин суммасы жана мүлктүн наркы кирбейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG