Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Дүйнө өлкөлөрүндө 8-Март белгиленүүдө


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мундун Аялдардын эл аралык күнүнө карата жарыяланган билдирүүсүндө, акыркы он беш жылда аялдар укугун сактоо жаатында жетишилген ийгиликтердин бир топ мисалы бар экендиги белгиленет. Атап айтканда, БУУнун башкатчысынын сөзүнө караганда, аялдар саясатка, бизнеске көбүрөөк аралаша баштаган, кыздардын жок дегенде баштапкы билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн, аялдарды медициналык тейлөө жакшырган өлкөлөр саны өсүүдө. Аны менен катар, Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө аялдарга карата адилетсиз жана дискриминациялык мамиле да өкүм сүрүүдө. Аялдардын кеминде 70%ы өмүрүндө бир жолу катаал мамилеге кабылат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG