Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Оскар сыйлыгынын жаңы лауреаттары аталды


АКШнын киноакадемиясынын баш байгесин бул ирээт режиссер Кэтрин Бигелоунун “Бороондун эгеси” деп аталган фильми жеңип алды. Америкалык саперлордун Ирактагы кызматы тууралуу баяндаган бул аскерий драма 2009 –жылдын эң мыкты фильми, ал эми автору Кэтрин Бигелоу эң мыкты режиссер деп табылды. Муну менен Кэтрин Бигелоу Оскардын тарыхында жогорудагыдай сыйлыкка арзыган алгачкы аял режиссер болду. Оскар сыйлыгы быйыл 82-ирээт ыйгарылды. Салтанат өткөн түнү Лос – Анжелесте өттү.

XS
SM
MD
LG