Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Нарында митинг кайда өтөөрү чечилүүдө


Ушул тапта Нарында жаңы губернатор Алмаз Акматалиев өз кызматына киришип, жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы кыймылдын айрым мүчөлөрү менен жабык эшик артында сүйлөшүү жүргүзүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, губернатор бүгүнкү митингди стадиондо эмес, шаардык театрда өткөрүү тууралуу сөз кылган. Бирок кыймыл мүчөлөрү эл театрга батпайт, андыктан стадиондо эле өткөрүү керектигин айтышууда. Нарынга Омбудсмен Турсунбек Акун, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев барышты. Алар учурда кыймыл мүчөлөрү менен сыртта сүйлөшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди.

Нарындыктар электр кубатына бааны төмөндөтүү, тоолуу аймакта мурда берилүүчү жеңилдиктерди калтыруу талабы менен жана вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду өкмөттө эл койгон талаптарды козгогон жок дешип, спорт майданында митинг өткөрүшмөк. Маалыматтарга караганда Нарын шаардык мэриясынын юридикалык кызматы митинг өткөрүү тууралуу билдирүү баракчасы келбегендигин белгилеп, мындай акция мыйзамсыз болоорун белгилеген. (AiJu)

XS
SM
MD
LG