Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Өнүктүрүү Фонду "MGN group" менен келишимди үздү


Өнүктүрүү Фонду "MGN group" компаниясы менен акцияларды башкаруу боюнча келишимди үздү. Фонддун маалымат кызматынын “Азаттыкка” ырасташынча, буга Фонд өз ишмердигин баштагандан бери аталган келишим күчүнө кирбегендиги башкы себеп болду. Сентябрь айында аталган фонд юридикалык, каржы боюнча кеңеш берүүчү жана активдерди башкаруучу компанияларга тендер жарыялаган. Активдерди башкаруу боюнча тендерди "MGN group" холдинги утуп чыккан. Бирок Фонд өз ишмердигин баштагандан бери аталган компаниянын кызматынан колдонгон эмес. Өнүктүрүү Фондунун төрагасы Игорь Чудиновдун белгилешинче, азырынча Фонд активдерди башкарууну өзү ишке ашырууда, бирок келечекте башкаруучу компанияга тендер жарыяланышы мүмкүн.

Өнүктүрүү Фондунун бул кадамы “MGN group” холдингинин жетектекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу Римдин судьясы Альдо Моргини чечим чыгарганы жөнүндө маалымат тарагандан кийин болуп отурат. Батыш гезиттери жазган маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, арам акчаларды адалдоо боюнча кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган. (Aju)

XS
SM
MD
LG