Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:25

Алайлыктардын жөө жүрүшүнө тыюу салынды


Алай районун акими Алмазбек Осмонов Исмаил Исаковду коргоо комитетинин 15-16-мартка белгиленген жөө жана атчан жүрүш акциясына тыюу салууну өтүнүп, Ош облусттук райондор аларык сотуна кайрылган. Бүгүн судья Айнаш Токбаева бул ишти карап, Алай районун акиминин арызын канааттандырып, жөө жүрүшкө тыюу салды. Бирок Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү жана Исаковдун тарапкерлери бул чечимге макул эместигин билдирип, ошол күнү акцияга чыгышаарын жарыялашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Алишер Токсонбаев билдирди.(AiJu)

XS
SM
MD
LG