Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

“Ата мекен”: Бийлик чындыктан коркуп жатат


“Ата мекен” партиясы “Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбай жатышына байланыштуу бүгүн билдирүү таратты. Анда бийликтин өлкөдөгү саясий-экономикалык-социалдык кырдаалды жаап-жашырбай чагылдырып келген “Азаттыктын” жалпы Кыргызстан элине жеткиликтүү үнү мурда да бийлик тарабынан жабылганы, акыркы убактарда өзүнүн уктурууларын менчик радистанциялар жана телекомпаниялар аркылуу берип жаткан “Азаттык” үналгысынын үнүн өчүрүү аракети катуу сынга алынган. Ошондой эле бийлик бүгүн менчик радиостанция, телекомпанияларды коркутуп-үркүтүп, “Азаттыкты” уктурбай жатканы белгиленген. Билдирүү ээлери “Нарындагы, Алайдагы нааразылык акциялары, электр энергиясынын кымбатташына каршылыктар, Өнүктүрүү фондунун көмүскөдөгү эсепчи, “эл аралык калпычы” делип издөөгө алынган Е. Гуревич менен байланышы тууралуу ачуу чындык бийликти чындыкты жашырууга аракет кылуу деңгээлине чейин түшүрдү” деп белгилешет. Анда ошондой эле азыркы бийлик мамлекет башына келгенден тартып, маалымат каражаттарын сот, “Кыргызбасмасөз”, “Кыргызпочтасы” аркылуу колбала мекемелери аркылуу муунтуу, журналисттерди уруп-сабап, өлтүрүү аркылуу чындык менен күрөшүп келе жатат, телерадиокомпаниялар кимге баш ийгенине карабастан толугу менен бийликтин көзөмөлүнө алынган, деп жазылат.
Билдирүү ээлери “президент К. Бакиевдин бийлиги өз бийлигинин акыркы күндөрү чындыкты дал ушинтип жашырууга аракет кылган Акаевдин бийлигин эске алышы керек, чындыктан корккон бийлик –бир күндүк, эртеси күбүлүп түшчү бийлик” деп эсептешет.
“Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 11-марттан тартып Бишкекте уктурулбай калды. 12-марттагы кечки уктуруулар Бишкекте, Нарында угузулган жок. Менчик радиостанциялар буга бийликтин кысымы алдында барып жатканы кабарланууда. Президенттин алдындагы катчылык “Азаттыктын” уктурулбай жатканынан кабарсыз экенин билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG