Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Ө.Токтонасыров мэр Н.Түлеевге маалымдама берди


“Азаттык” радиосунун угармандары кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевге Ак үй алдында пикет өткөрүү тууралуу маалымдама берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ө.Токтонасыров билдирди. Маалымдамада 25-мартта Ак үйдүн алдында, жалгыз пикет өткөрө тургандыгы айтылган. “Башкалардын убалына калгым келбейт. Милиция кызматкерлери аларды алып кетиши толук ыктымал. Ага кепилдик бере албайм. Колумда “Азаттык” деп жазылган плакат болот”, - дейт Ө.Токтонасыров. Ал “Азаттык” радиосунунун уктурууларына жана теледолбооруна Улуттук биринчи каналдан уруксат берүү талабын коюп жатат.

“Азаттык” үналгысынын берүүлөрү 11-марттан тартып Бишкекте уктурулбай калды. 12-марттагы кечки берүүлөр Бишкекте, Нарында уктурулган жок. 10-мартта «Манас жаңырыгы» («Эхо Манаса») телекомпаниясы «Азаттыктын» телепрограммаларын берүүнү токтоткон болчу. Менчик радиостанциялар буга бийликтин кысымы алдында барып жатканы кабарланууда. Президенттин алдындагы катчылык “Азаттыктын” уктурулбай жатканынан кабарсыз экенин билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG