Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

“220 кыймылы” Бишкекте “Сары тасма” акциясын өткөрдү


Акциянын жүрүшүндө жөө жүргөн, унаа айдаган шаардын тургундарына сары тасмалар таратылып, кыймылдын максаты тууралуу маалымат берилди. “220 кыймылы” электр энергиясынын жана жылуулуктун баасынын көтөрүлүшүнө, ошондой эле мамлекеттик маанилүү “Түндүкэлектро”, “Кырызтелеком” сыяктуу ишканалардын сатылышына каршы түзүлгөн. Аталган кыймылдын жетекчиси Гүлнар Журабаеванын маалымдашынча, көпчүлүк шаардыктар бул акциянын демилгелерин кубаттоо менен кабыл алышты. Тартип коргоо органдары бул акцияга байкоо салып жүрүштү. Илинген ленталарды кимдир бирөөлөр дароо чечип кетип жатканын байкадык, дейт Г. Журабаева. Мындай акция эртең да улантылат. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов кечээ Улуттук биринчи каналда сүйлөп, бийликтин энергетика саясаты туура багытта баратканын, электр энергиясына баа арзандабай турганын айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG