Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Элдик курултай “Спартак” стадионунда өтөт, бирок эл алгач "Медиа Форумга" чогулат


Уюштуруу комитети Бишкек мэринин курултайды "Спартак" стадионунда өткөрүү тууралуу сунушуна макул болгонун комитеттин төрайымы Роза Отунбаева шаар мэри Н. Түлеевге кечээ маалымдады. Мунун себеби Элдик курултайга катышуучулардын саны күн өткөн сайын көбөйүп бара жатканы менен түшүндүрүлүүдө. Ошондой эле уюштуруу комитети буга чейин Курултайдын орду белгисиз болуп жатканына байланыштуу анын катышуучулары “Форум-медиа” комплексинин алдына чакырылганы айтылып, курултайдын катышуучуларына Шабдан баатыр –Чүй –Тоголок молдо көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш менен стадионго жетүүгө мүмкүнчүлүк берүүсүн суранган. Уюштуруу комитети мындай жөө жүрүш 8 жыл мурун бийликтин аткан огунан курман болгон Аксылыктарды эскерүүнүн жакшы ыкмасы болот деп эсептейт. Мындан тышкары комитет төрайымы Роза Отунбаева Бишкектин мэрин Элдик курултайга чакырган.
Белгилүү болгондой Элдик курултайды уюштуруу комитети 5-мартта Бишкек мэриясына Ала-Тоо аянтында курултай өткөрүлөрү тууралуу маалымдама жиберишкен. Буга байланыштуу Бишкек мэриясы Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Элдик курултайды аянтта өткөрүүгө тыюу салуусун өтүнгөн. Аталган райондук сот 11-мартта бул маселени карап, мэриянын өтүнүчүн канааттандырган. 12-март күнү шаар мэри Н. Түлеев Уюштуруу комитетине Элдик курултайды үч жерде “Спартак” стадионуна, Спорт сарайына же “Ак кула” атмайданынын артындагы гүлбакта өткөрүүнү сунуштаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG