Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:04

Би-Би-Синин кыргыз кызматынын кечки берүүсү обого чыккан жок


Би-Би-Синин кыргыз кызматынын продюсери Аслан Капай уулунун “Азаттыкка” маалымдашынча, кечки саат сегиздеги программа белгисиз себептерден улам уктурулбай калды. Такталбаган маалыматка караганда, бийлик аталган үналгыны ооздуктоого кам көрүп жаткан. Расмий бийлик өкүлдөрү бул окуя боюнча маалымат бере элек. 2008-жылдын аягында Улуттук телерадио корпорациясы Би-Би-синин кыргыз кызматы келишимдеги кээ бир шарттарды аткарган жок деп берүүлөрүн уктурууну токтоткон. Маселе жөнгө салынгандан кийин кызматташуу бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан. Би-Би-Синин кыргыз кызматы 1996-жылы түзүлгөн. Азыр Кыргызстанда жети кабарчы иштейт. Жарым саттан күнүнө үч маал уктурушат. Интернет баракчасы, УТРК менен биргеликте “Сапар” деп аталган теледолбоору бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG