Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Иранда оппозиция лидеринин үйүнө чабуул жасалды


Жекшембиде Иран өкмөтүнүн жактоочулары оппозиция лидери Мехди Карубинин үйүнө чабуул жасашты. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлаганына караганда, алар коркутуп-үркүткөн ураандарды чакырып, имаратка кызыл боек ыргытып, Каррубини соттоо талаптарын кыйкырып жатышты. Фарс агенттиги чогулгандарды 1980-1984-жылкы Иран-Ирак согушунда курман болгондордун жакындары жана студенттер катары сыпаттады. Карруби былтыр жайында президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Шайлоону президент Махмуд Ахмадинежад жеңген. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деп ырастап келатат.

XS
SM
MD
LG