Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Израил менен тирештен улам АКШ Жакынкы Чыгышка өкүлүн жиберген жок


Өткөн аптада өөрчүгөн дипломатиялык чырга байланыштуу АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Жорж Митчел Иерусалимге, мурда пландалгандай, бүгүн барбай тургандыгын билдирди. АКШнын вице-президенти Жо Байден өткөн аптада Израилге келгенде Израил өкмөтү Иерусалимдин чыгышында жөөттөр үчүн 1600 батир курула тургандыгын жарыялаган. Бул жарыя Митчел арачы болгон Израил менен палестиндердин ортосундагы кыйыр сүйлөшүү боюнча макулдашууга шек келтирүүдө. Өкмөт башчысы Бенжамин Нетаняху бул долбоор тууралуу ыңгайсыз мезгилде жарыяланганы үчүн кечирим сурады, бирок курулуш токтотулбайт деди. Чыгыш Иерусалимде бүгүн синагогдун кайра ачылышына нааразы болгон палестиндер бир нече жерде полиция менен кагылышты.

XS
SM
MD
LG