Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

И.Абдуразаков: Оппозиция айта турганын Ынтымак курултайда айтса болмок


Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков “Азаттыкка” берген маеги учурунда билдирди. Анын айтымында, оппозиция да Ынтымак курултайына катышып туруп, элдин көзүнчө талаптарын, максаттарын билдирсе салмактуураак болмок. “Бирок алардын да эркин сыйлаш керек, каршылык көрсөтпөш керек. Негизгиси тирешип, чатак чыкпаса болду, андан өлкөгө пайда болбойт”, - дейт И.Абдуразаков. Ал тарифтердин көтөрүлүшүнө эл нааразы экенин, социалдык абалдын өтө татаал экенин да белгиледи. Ишенбай Абдуразаков мындай шарттан чыгуу үчүн өкмөткө кыраакылык керек деген ойдо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG