Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Чек арачылар үйлүү болушту


Ош чек ара отрядындагы казармада 82 батирден турган төрт кабаттуу имарат калыбына келтирилип, ачкычтары бүгүн чек ара кызматкерлерине тапшырылды. Кызматтык батирлердин ачкычын Чек ара кызматынын жетекчи орун басары, полковник Кубаныч Сарыбаев тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, учурда Бишкек шаарынын “Жал” кичи районундагы тогуз кабаттуу үйдү куруу улантыла баштады. 2008-жылы башталган бул үй каражаттын жоктугунан токтоп калган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG