Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Жайчылар шашылыш билдирүү таратышты


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдиришинче 21-23-март аралыгында тоолуу аймактарда көчкү жүрүү коркунучу бар. Ошондуктан айдоочуларга сак болууну, автоунааларды 500 метр аралыкта кармоону же сапарга чыгууну кийинкиге калтыра турууну сунуштоодо. Көчкү жүрүү ыктымалдыгы бар жолдордун катарында Ош-Хорог, Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Толук-Сары-Камыш, Каракол-Эңилчек, Түп-Кеген, Барскоон-Ак Шыйрак, Миң-Куш –Арал, Нарын-Казарман, Арал-Суусамыр жолдору аталууда.
Маалыматка караганда ошондой эле 21-22-мартта Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында сел жүрүү, ушул эле облустарда жана Чүй, Талас облустарында үшүк жүрүү ыктымалдыгы бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG