Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Нарындагы Нооруз салтанаты


Нарын шаарына 20-март күнү кечке жааган кар, бүгүн 21-мартта да жаап турду. Бул күнү борбордук аянт шаардык коммуналдык чарбанын атайын унаасы менен күрөлүп, тазаланды. Аянтка келген шаар тургундарын жана меймандарын губернатор Алмазбек Акматалиев куттуктап, быйыл жаз мезгили кечигип жаткандыгын, бирок жазгы өнөктүккө даярдыктар бардыгын белгилеп, борбордук аянт митингдердин жери эмес, элдик майрамдык жай экендигин билдирди. Чакан куттуктоолордон кийин жергиликтүү өнөрпоздордун концерттери тартууланды. Бир катар байкоочулардын баамында аянтка 2 миңдин айланасында адам келди. Ал эми айрым бийлик өкүлдөрү 3 миңден ашуун киши болгондугун билдиришти. (KUs)

XS
SM
MD
LG