Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Ынтымак курултайынан төрт делегат баш тартты


Президенттин квотасына кирген төрт делегат 23-24-мартта боло турган Ынтымак курултайына барбайбыз деген чечимге келишти. Алар: Дастан Сарыгулов, Асеин Аракеев, Кеңешбек Дүйшебаев, Кадыр Кошалиев. Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов мындай чечимге курултайды уюштуруу комитетине 18-мартта жиберген сунуш-талаптарына алигүнчө жооп болбогону себеп болгонун "Азаттыкка" билдирди. “Курултайда карала турган маселелерди салтка ылайык алдын-ала айтып койсо жакшы болмок. Алигиче курултайдын күн тартибине кайсы маселелер коюлары белгисиз”, - дейт Д. Сарыгулов.

Бул делегаттар саясий куугунтуктарды токтотуу, конституциялык өзгөртүүлөр боюнча долбоорду чакыртып алуу, арзанбаа сатылган стратегиялык объекттерди мамлекетке кайтарып алуу, Баш мыйзамга Элдик курултай институтун киргизүүнү жана Алай, Нарын элининин талаптарын калыс карап, чечүүнү талап кылышкан. Эгер бул сунуштар Ынтымак курултайында каралып, кабыл алынса кийинки талкууларга катышат жана делегат мандатынан баш тартышкан жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG