Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Өзбекстандын “Божалар” тобу Бишкекте


Бүгүн Өзбекстандын “Божалар” эстрадалык тобу Бишкекке бир күндүк концерти менен келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” концерттин уюштуруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди. Көп жылдардан бери эстрадалык ырлары жана көркөм фильмдери менен Өзбекстанда эле эмес Кыргызстанда да белгилүү болуп калган “Божалар” тобу Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында концерт беришет. К.Бөрүбаевдин айтымында, коңшу Өзбекстан шоу-бизнес жаатында Кыргызстанга караганда кыйла эле алдыга кеткен. Ошол себептүү да соңку кездери алардын ырчылары көп-көп чакырылып, тажрыйба алмашуу жүрүп келет. “Мындай тажрыйба алмашуулардын аркасында кыргыз эстрадасы кыйла эле тирденип алды”,- дейт продюсер Кабыл Бөрүбаев. (IJz)

XS
SM
MD
LG