Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Тоолуу аймактын элине электр кубаты үчүн жеңилдик берилет


Тоолуу аймактарда жана катаал шартта жашагандар электр кубаты үчүн акыны 50% жеңилдеткен баа менен төлөшөт. Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнов бүгүн Нарын эли менен жолугушуу учурунда билдирди. “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы Жаркын Ибраеванын айтымында, Д.Үсөнов буга байланыштуу атайын токтом даярдалып жаткандыгын, канча баага арзандай турганы бир жумадан кийин белгилүү болоорун билдирген.

Буга чейин нарындыктар бир нече жолу митинг өткөрүп, анда бийликке тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү, тоо шартындагы отун-сууга болгон жеңилдиктерди сактоо жөнүндө талаптарды койгон эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG