Ооган президенти Хамид Карзай менен Хизб-и-Ислами согушкер тобу ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алгачкы айлампасы натыйжасыз аяктады. Бирок эки тарап тең диалогду улантууга ынтызарлыгын билдиришүүдө. Карзай козголоңчу топтун өкүлдөрү менен биринчи жолу сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурду. Ооган өкмөтү майдын башында Кабулда тынчтык конференциясын өткөргөнү жатат.