Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Акыйкатчы Ноокат окуясы боюнча Конституциялык Сотко кайрылууга даяр


Бул тууралуу Турсунбек Акун бүгүн Бишкекте болгон “Кыйноолор жана кемсинткен мамилелер: тергөө жана жоопкерчилик” деген тегерек стол жыйында билдирди. Жыйынга укук коргоочулар, депутаттар, соттор, милиция кызматкерлери катышты. Укук коргоочулар Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери экстремисттер менен жөнөкөй адамдын айырмасын билбейт деп айыпташып, Ноокат окуясы кайрадан тергелип чыгыш керек деп билдиришти. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул үчүн Конституциялык Сотко кайрылууга даярдыгын билдирди. 2008-жылы болгон Ноокат окуясы боюнча 32 адам узак жылдарга кесилген. (AiT)

XS
SM
MD
LG