Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Кыргыз-словак президенттери өз ара алака-катышты талкуулайт


31-мартта Бишкекке Словакиянын мамлекет башчысы Иван Гашпарович иш сапар менен келди. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, ал бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен жолугат. Тараптар анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык жаатта кызматташуу маселелерин талкуулашмакчы. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, жолугушуу соңунда инвестиция жана салык боюнча эки келишимге кол коюлушу болжолдонууда. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү анча жигердүү эмес жана былтыр болгону 2,5 миллион долларды түзгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG