Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

“Форум” гезити жабылды


Бул тууралуу аталган гезиттин башкы редактору Рыскелди Момбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, гезитти жабуу тууралуу Октябрь райондук сотунун аныктамасын редакцияга бүгүн алып келип беришти. “Гезитти жабууга Октябрь районунун прокурору Г.Суталинованын доо арызы негиз болгон. “Форумдун” өткөн санында “Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген темадагы макаланы райпрокурор Г.Суталинова “Бийликти Конституциялык жол менен эмес өзгөртүүгө болгон чакырык”,-деп эсептеп, гезиттин ишмердүүлүгүн токтотууну суранган”,-дейт баш редактор.

Р.Момбеков белгилегендей Октябрь райондук соту Г.Суталинованын арызын тез арада карап гезитти токтотуу тууралуу аныктамасын чыгарып, сот аткаруучуларга берген. Октябрь райондук сот аткаруучу Р.Шакиров өз токтому менен “Форум” гезитин чыгарууга тыйуу салган.

Медиа өкүл Акмат Алагушев бул маселенин чоо жайын иликтегени Октябрь райондук сотуна жана райондук прокуратурага кеткени кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG