Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Жарандык коом өкүлдөрү БУУнун баш катчысына кайрылуу жолдошту


Кайрылууда Кыргызстанда сөз эркиндиги жана көз карандысыз маалымат алуу, эркин жыйналуу укуктары чектелип калгандыгы айтылат. Ошондой эле соңку жылдары саясий оппозицияга бийлик тарабынан негизсиз куугунтук күчөгөнү жазылып, ага бир катар мисалдар келтирилген. Кайрылууда сабалган жана өлтүрүлгөн журналисттер, саясатчылар толугу менен жазылып, “мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кыла албай калды” деп белгиленген. БУУнун башкы катчысына жолдонгон кайрылууда “Жогоруда келтирилген фактылар Кыргызстанда адам укугу системалуу түрдө бузулуп, тебеленип жатканын далилдейт” деп жазылган. Кечээ жазылган бул кайрылууга белгилүү укук коргоочулар, саясатчылар жана журналисттер болуп, жалпысы 36 адам кол койгон. Кайрылууну кечээ укук коргоочу Азиза Абдрасулова баш катчы Пан Ги Мундун орун басары Лин Пэскоудун колуна тапшырды. (JAk)

XS
SM
MD
LG