Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Ф. Кулов: К.Бакиевдин президент кызматында калууга эч укугу жок


“Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 7-апрелдеги окуя боюнча билдирүү менен чыкты. Анын билдирүүсүндө ондогон адам окко учуп, жүздөгөнү жараат алганы белгиленип, ок атуу - күч структурасы колунда турган президент Курманбек Бакиевдин буйругу экенинен күмөн жок экени айтылган. Ошондой эле кылмыш жолу менен бийликти кое бербей, ал үчүн адам өлтүрүүгө барган К.Бакиевдин өз кызматында калууга моралдык да, юридикалык да укугу жок экенин белгилешет. “Бул жерде президент өзү кызматын тапшырып берип, өзүн укук сотуна тапшырып бериш керек. Же ага өзүнүн эрки жетпесе Жогорку Кеңеш Конституциянын талаптарын аткарып тез аранын ичинде президентке импичмент жарыялашы зарыл. ЖКнын да муну жасоого абалы болбосо, өз элин жогорку бийликтин кылмышынан коргой албаса, аны таратып, тез аранын ичинде шайлоо өткөрүш керек”, - деп жазылат билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG