Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Эдил Байсалов өкмөттүн аппарат башчысы болуп дайындалды


Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Э. Байсалов социал-демократтар партиясынын мүчөсү, 2007-жылкы парламенттик шайлоодон кийин өмүрүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Социал-демократтар партиясынын бир нече мүчөлөрү жетекчи кызматтарга дайындалып жатканы айтылууда. 9-апрелде Ош облусунун губернаторлугуна аталган партия мүчөсү Сооронбай Жээнбеков дайындалды. Экономика тармагына көз салуу милдети социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевге жүктөлгөн. Партиянын дагы бир мүчөсү Дамира Ниязалиева саламаттыкты сактоо министринин милдетин алган.
“Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев убактылуу өкмөттүн Конституциялык мыйзамдуулук жагына көз салуу милдетин алган, анын орун басары Болот Шерниязов ички иштер министринин милдетин аткарууда, 8-апрелде партиянын дагы бир мүчөсү Д. Чотонов чукул кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Талас, Нарын облустарына жаңы бийлик тарабынан дайындалган губернаторлор “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG