Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Убактылуу өкмөт бир катар жетекчилерди дайындады


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда Убактылуу өкмөттүн 7-апрелдеги буйругуна ылайык, Дүйшөн Чотонов өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, Мирбек Асанкулов Ысык-көл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу, Сагынбек Абдырахманов Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Убактылуу өкмөттүн 7-апрелдеги буйругу менен Алмаз Акматалиев Нарын облусунун губернатору кызматынан, Мамасадык Бакиров Ош облусунун губернаторунан, Бейшенбек Болотбеков Талас облусунун губарнаторунан, Кыдыкбек Исаев Ысык-Көл облусунун губернаторунан, Болоткан Кумаров Чүй облусунун губернаторунан, Кошбай Масиров Жалал-Абад облусунун губернатору кызматынан, Нариман Түлеев Бишкек шаар башчылыганан бошотулду. (AJ)

XS
SM
MD
LG