Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Жалал-Абаддын губернаторлугуна Бектур Асанов шайланды


Жалал-Абадда бүгүн Элдик курултайды өткөрүүгө К.Бакиев тараптагы чагымчылар тоскоолдук кылгандыктан көчмө жыйын Базар-Коргон районунун борборунда өткөрүлүп, ага 3-4 миңдей адам катышты. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Асылбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Элдик курултайга катышкан адамдар Курманбек Бакиевди кызматын өз эрки менен өткөрүп берүүсүн жана аны мыйзамдын чегинде жоопко тартылуусун талап кылышып, убактылуу өкмөттү колдой тургандыктарын билдиришти.
Жыйынга катышкан убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Жалал-Абад облусунун губернаторлугуна Пакистандагы Кыргызстандын элчиси Бектур Асанов сунуштап, ал шайланды. (AJ)

XS
SM
MD
LG