Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Иран өкмөтү экс-президент Хатаминин Японияга баруусун каалаган жок


Бийликтер Ирандын реформачыл экс-президенти Мохаммад Хатаминин өлкөдөн чыгуусуна тоскоолдук жоктугун айтып, бирок ага Японияга пландалган визитинен баш тартууну кеңеш кылышты. Бул жөнүндө Хатаминин адвокаты Махмуд Ализаде Табатабиеге шилтеп, ILNA жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Оппозициячыл Parlemannews.ir. сайты мурдараак Иран өкмөтү экс-президент Хатамини бейшемби күнү кечинде Тегерандан Токиого учурбай койду деп маалымдаган. Мохаммад Хатами Японияга ядролук куралсыздандыруу боюнча эл аралык конференцияга бармак.

Хатами былтыр июндагы президенттик шайлоодо мурдакы премьер-министр Мир Хусейн Мусавини колдогондон бери бийликтин каарына кабылган.

XS
SM
MD
LG