Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

«Азаттык үналгысы» эми чак түштө да кабарларын сунуштайт


Урматтуу угармандар!
«Азаттык үналгысынын» күндөлүк берүүлөрүнүн 19-апрел, дүйшөмбү таңдан тартып киргизилчү жаңы жадыбалын эсиңиздерге сала кетели.

Ар күнү эртең мененки саат 7ден 8 жарымга чейин - «Таңкы Азаттык» берүүсү.

Чак түштө - саат 12де жана саат бирде - он беш мүнөттүк «Түшкү Азаттык» берүүсү.

Кечки саат 6дан 7ге чейин - «Кечки Азаттык» берүүсү.

Кечки саат 8де – жаштарга арналган жарым сааттык «Азаттык Плюс» берүүсү уктурулат.

Обого түз чыгуучу бул берүүлөрдү УТРКнын Биринчи каналы - «Кабарлар» радиосунун жана башка бир катар шериктерибиздин жыштыгында кармап уга аласыздар.

Биздин бардык үналгы берүүлөрүбүздү жана алардын кайталанышын интернеттен, ошондой эле АзияСат, Хотбөрд жана Ямал жасалма жандоочулары аркылуу да уга аласыздар!

«Азаттыктын» берүүлөрүнүн уктуруу жадыбалын ушул интернет барагыбыздын "Уктуруу жадыбалы" куржунунан да окуй аласыздар.

Калыс, так, заманбап маалымат алуу үчүн «Азаттык үналгысын» угуңуздар!

XS
SM
MD
LG