Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:56

Утурумдук өкмөт: Журналисттерге карата жасалган кылмыштар ачылат


Утурумдук өкмөт бүгүн тараткан билдирүүдө буга чейин өлкөдө журналисттерге карата жасалган кылмыш иштеринин бетин ачууга убада берет. Билдирүүдө акыркы 5 жыл аралыгында мурдагы бийлик сөз эркиндигин тепселеп, бийликке каршы сөз айткан жазмакерлер ур-токмокко алынып, соттолуп, керек болсо өлтүрүлгөндүгү айтылат. “Үй-бүлөлүк режимден” Сыргак Абдылдаев, Данияр Исанов, Улугбек Бабакулов, Турат Бектенов, Чолпон Орозобекова, Кайрат Биримкулов өңдүү бир топ журналисттер жабыркаганы, Геннадий Павлюк, Алишер Саипов, Алмазбек Ташиев киши колдуу болгону белгиленет. “Бир катар теле-радиоканалдар кысымга учурап, жабылды. Биз журналисттерге карата кылмыштардын бири да көз жаздымда калбай турганын убада кылабыз жана сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн баардык журналисттерге ыраазычылык билдиребиз”,-деп айтылат билдирүүдө. (AiJu)

XS
SM
MD
LG