Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:20

Б.Калыевди эркиндикке чыгаруу тобу Жалал-Абаддын борбордук аянтына чыгат


Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Абдаким Кушбаков “Азаттыкка” билдирди. Алар убактылуу өкмөткө мурдагы коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Калыевди бошотуу талабын коюшууда. Чогулган жактоочулар маалымат каражаттары Б.Калыев гана күнөөлүү деген туура эмес, бир жактуу маалымат таратып жатат деген негизди да карманып турушат.

15-апрелде мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев Жалал-Абад шаарында күч органдары тарабынан кармалып, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Б.Калыевге 7-апрелде Бишкекте болгон ок атууларга тиешеси бар деген негизде айып коюлуп, тергөө ыкмалары жүргүзүлүүдө. (GA)

XS
SM
MD
LG