Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Краковдо Лех Качинскинин тажыясы өтүүдө


Польша президенти Лех Качински жана анын жубайы Мариянын табыттары Варшавадан Краков шаарына жеткирилди. Жергиликтүү чиркөөдө маркумдардын арбайына арналган таат өтүүдө. Өткөн аптада Россиянын Смоленск шаарындагы авиакырсыктан Качинскилер менен кошо дагы 94 киши набыт болгон. Европанын аба мейкини жабык болгондуктан, президенттин зыйнатына бир катар лидерлер катыша албай калышты. Атап айтсак, АКШ президенти Барак Обама, Франция президенти Николя Саркози, Түркия мамлект башчысы Абдулла Гүл, Британиянын ханзадасы Чарлз Краковго барбай турушканын билдиришти. Качинскинин сөөгү бир нече сааттан кийин жерге берилмекчи.

XS
SM
MD
LG