Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Бүгүн Конституциялык Кеңешменин курамы сунушталат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн Конституциялык Кеңешменин курамы саясий партиялар, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү кирип, 22-апрелде жаңы Баш мыйзамдын долбоорун талкуулай баштайт. Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдин талкуусуна да коюлуп, сунуш-пикирлер кабыл алынат.
Баш мыйзамды кабыл алуу үчүн жалпы элдик референдум ушул жылдын июль айында өтөөрү маалымдалды. Ага карата утурумдук Борбордук шайлоо комиссиясы түзүлөт. Парламенттик жана президенттик шайлоолор октябрь айында өтөт. Убактылуу өкмөт элге парламенттик башкаруу системасын тандап алышканын кабарлаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG