Ооганстандын борбордук чөлкөмүндө зилзаладан бери дегенде 7 киши каза тапты, 30дан ашууну жарадар болду. АКШнын Геологиялык борбору маалымдаганына караганда, очогу Саманган вилайетинде жайгашкан жер титирөөнүн күчү 5,3 баллга жетти. Вилайеттин губернатор орун басары 3 район өзгөчө жабыркаганын билдирди. Курман болгондордун саны өсүшү мүмкүн деп кабарланууда.