Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:22

Баш прокуратура Жаныбек Бакиевге каршы кылмыш ишин козгоду


Мурунку президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныбек Бакиев башка эки адам менен сүйлөшүп алып Д.А. Байысбеков аттуу жаранды коркутуп-үркүтүп 150 миң АКШ долларын тартып алгандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жабырланган Д.А. Байысбековго былтыр 8-майда “көз боемочулук кылды” деген жалган жалаа жабылып, кылмыш иши козголгон. Жабырлануучуга документ, мамлекеттик сыйлык, мөөр, бланктарды мыйзамсыз жасап, сатуу менен шугулданган деген айып тагылган. (EK)

XS
SM
MD
LG