Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

“Дордой” базары эртең иштеп баштайт


Бул тууралуу бүгүн уюштурулган маалымат жыйынында “Дордой” базарынын башкы директору Самарбек Жапаркулов билдирди. Анын айтымында, Маевкада кечээ болгон кагылышуудан кийин чочулаган ишкерлердин басымдуу бөлүгү бүгүн талап-тоноочулуктан кооптонуп соодасын жыйыштырган. Жапаркулов айрым ишкерлер соодасын бүгүн үзгүлтүккө эч учуратпаганын да белгилеп өттү. Ушу тапка “Дордой” базарынын чет жакасын милиция, ыктыярдуу кошуун мүчөлөрү кайтарып жатышат. Базар эртең кадимкисиндей иштеп баштайт. (EK)

XS
SM
MD
LG