Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Курманбек Бакиев, аялы, кызы жана уулу менен Беларустан табылды


Президент Александр Лукашенконун шаршемби күнү Беларус парламентинде маалымдашынча, Кыргызстандын мурдакы президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен 19-апрелден бери Минскиде жашоодо:

- Дүйшөмбү күнү тийиштүү кызматтарга Бакиевди Минскиге алып келүүнү уюштурууну буйрудум. Ал өзү бир нече жолу суранды. “Аэропорт жабык” деп айтышканын, “Силер аскер адамысыңар, бул (Бакиевди алып келүү) силердин ишиңер” дедим. Ошентип, Бакиев дүйшөмбү күнү Минскиде болду.

Лукашенконун сөзүнө караганда, Бакиев жана анын үй-бүлөсү шаршемби күнү медициналык текшерүүдөн өткөн жана аны менен кошо аялы, 9 жашар кызы, ошондой эле 5 жашар уулу Белоруска алып келинген.

Кечээ күнү Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин улуу өкүлү Ильяс Омаров “Азаттыктын” казак кызматына телефондон берген интервьюда Курманбек Бакиевдин өлкө түштүгүндөгү Тараз (мурдакы Жамбул) шаарынан чыгып кеткенин тастыктап, бирок кай өлкөгө кеткенин айткан эмес.

XS
SM
MD
LG